Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда эки унаа кагышып, 3 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, кечээ саат 12:50 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда Санэпидемстанциянын кызматтык унаасы менен Даймлер-Крайслер D312 үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Жол кайгуул милициясы жол кырсыгынын кесепетинен 1 айдоочу жана 2 жүргүнчү көз жумуп, жаракат алгандар да бар экенин билдирди.
Ага ылайык, учурда унаалар айып короо жайына киргизилип, тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.