Ошто тургун экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты (видео)

Араван районунун тургуну экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Ош ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, облус аймагында милиция кызматкерлери УКМК менен биргеликте диний экстремизм багытында каттоодо турган жарандар, Сирия, Ирак жана Ооганстан өлкөлөрүндө согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн сот жообуна тартылып, жазасын өтөп бүткөн атуулдар менен жолугушууларды өткөрүшкөн.
Натыйжада мурда соттолгон Араван районунун тургуну, 1975-жылы туулган Р.Н. "Хизб-ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна мүчө болуудан баш тартып, жарандарды аталган уюмга кошулуудан алыс болууга чакырган.
28.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан