Эртең, 29-мартта өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.
Маалыматка караганда, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17 градус жылуу болот,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12 даража,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19га чейин ысык болот,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18 градус,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18 градус,
Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +6…+8, күндүз +15…+17 градус жылуу болору күтүлөт.