Ат-Башыда айыл өкмөттүн катчысы пара берип жатканда кармалды (видео)

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. 2020-2022-жылдар аралыгында "Мухали инвест" фирмасы аркылуу тендерлерге мыйзамсыз катышып, жалпы суммасы 14 миллион сомго жакын 152 тендерди утуп алгандыгы аныкталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнү токтотуу максатында УКМК кызматкерине бир нече жолу акча сунуштаган. Буга чейин ага кызмат адамына пара берүү боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралганы эскертилген.

Бирок ага карабастан 25-мартта 90 000 сом жана 500 доллар берип жаткан жеринен кармалган.

Учурда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө ушул сыяктуу коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча тергөө уланууда.

28.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан