Жакынкы эки саат аралыгында Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жакынкы эки саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.