Эмгек министрлиги мигранттарды интернет алдамчыларынан сак болууга чакырды

Кыргызстандын Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү мигранттарды социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, ар кандай акцияларга катышпоого чакырат. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

"Өкүлчүлүк социалдык тармактар жана популярдуу Telegram сыяктуу мессенжерлер аркылуу жарандарды, анын ичинде жашы жете элек балдарды Орусиянын аймагында террордук актыларга катышуу үчүн активдүү жалдоо жүрүп жатканын эскертет.

Жалдоочулар негизинен таанышуу сайттары аркылуу иштешип, аялуу адамдарга, депрессияга кабылган же кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылган адамдарга, диний, маданий, улуттук жана башка социалдык багыттар боюнча ар кандай топтордогу кат алышууларды талдоо аркылуу жабырлануучуларды аныктоодо" деп жазылат маалыматта.

Өкүлчүлүк Орусиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн жарандарды ар кандай чагымдарга алдырбоого, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, ар кандай акцияларга катышпоого, ошондой эле балдарды көзөмөлдөөгө чакырат.

Ошол эле учурда министрлик террордук актыга катышуу Орусиянын кылмыш-жаза мыйзамдары менен өмүр бою эркинен ажыратылганга чейин жазаланарын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан