Өлкөдө кызамык менен ооругандардын саны 6,5 миңден ашты

Өлкөдө жыл башынан бери кызамыкка чалдыккандардын саны 6 545 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдирди.

Ага ылайык, кызамык менен ооругандардын көбү Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында катталууда. Эң аз учур Нарында катталып, аймакта илдетти жуктургандар 72 адамды түздү.

Оорунун көбөйүшүнө балдар жана чоңдор арасында кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тартканы себеп болууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, өлкөдө баласын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын билдирген.

Эске салсак, кызамык боюнча эпидемия былтыр болуп, анда 7 миң 46 учур катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан