Бишкекте бычак менен милицияга каршылык көрсөткөн жаран кармалды (видео)

Бишкектеги батирлердин биринин ичинде жашоочулардын тынчын алып, барган милицияга каршылык көрсөткөн жаран камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта шаардык милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-марта саат 21:30дар чамасында милицияга 4-кичи районунда жайгашкан батирлердин биринде мас адам өзүн агрессивдүү алып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо барган милиция кызматкерлери бычак менен куралданган мас адам көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын тынчын алып жатканына күбө болушкан. Ал милициянын мыйзамдуу талаптарына дагы баш ийбей, куралы менен каршылык көрсөткөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесине (Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) ылыйык кылмыш иши козголгон.

Жыйынтыгында 1979-жылы туулган Р.Р. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен 24-апрелге чейин камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

28.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан