Бишкекте шамалдан улам айрым троллейбус каттамдары токтотулду

Бишкек шаарында катуу шамалдан улам айрым троллейбус каттамдары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда №10 жана №11 троллейбус каттамдары иштеп жатат. Калгандары убактылуу ишин токтотту.

"Бишкек шаарында катуу шамалдан улам бир нече көчөлөрдү кулаган дарактар ​​тосуп, троллейбус линияларын жарактан чыгарды. Буга байланыштуу №10 жана N№11 каттамдардан башка бардык троллейбустардын кыймылы убактылуу токтотулду" деп билдиришти мэриядан.

Калаа тургундары жана коноктору бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна 1840; 1850; 0554 182 185 (WhatsApp) кайрылса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан