ӨКМ: "Ашууларда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт"

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 29-марттан 1-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Билдирүүгө ылайык, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлгөн акмактардын тизмеси:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
  • 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы Ала-Бел ашуусу;
  • Мырза-Аке —Кара-Кулжа — Алайкуу 74-107 чакырымы;
  • Ала –Бука – Каныш –Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
  • Кызыл-Бел —Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымы;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымы, Чоң-Ашуу ашуусу.

ӨКМ эскертет: Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпоо зарыл. Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз "112" кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан