ӨКМ Бишкектеги катуу шамалда зыянга учураган имараттар тууралуу маалымат берди

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында катталган катуу шамалдын кесепеттерин аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул жөнүндө бүгүн, 28-мартта ӨКМ маалымат таратты.

Саат 19.00гө карата алдын ала маалымат боюнча, борбор калаадагы 2 имараттын чатыры учуп, 2 бала жабыркаган. Мындан тышкары борбордо 3 социалдык мекеменин жана 25 турак үйдүн чатырын учурган. Ал эми Чүй облусунда 6 социалдык мекеменин жана 15 турак үйдүн чатырын шамал учуруп кеткен.

Табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында бүгүн саат 16:20 чамасында ылдамдыгы 18-26 метр секундага жеткен катуу шамал катталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан