"Крокустагы" теракт боюнча дагы бир адам кармалды

Москвадагы "Крокус Сити Холлго" кол салган террорчуларды каржылоо схемасына катышкан деген шек менен дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

"Терроризмди каржылоо схемасына тиешеси бар дагы бир шектүү аныкталып, кармалды. Тергөө ага карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу өтүнүчү менен сотко кайрылат", - деп айтылат маалыматта.

Ал жөнүндө маалыматтар тергөөчүлөр тарабынан кармалгандардан алынган техникалык каражаттарды кароо учурунда, ошондой эле финансылык операциялар боюнча маалыматтарды талдоодо алынган. Башка маалымат берилген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан