Бүгүн, 29-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 миллиард 259 миллион куб метрди түздү. Бул туурасында “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматында айтылат.
"Суунун агып келиши секундасына 323 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 151 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.