"Жумурткаңды жеткирип беребиз". Абакта жатып алдамчылык жасаганга шектүү аныкталды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Жаза аткаруу кызматы менен биргеликте алдамчылардын тобун кармаганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, январь айында милицияга Ош шаарынын тургуну А.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 1 миллион 900 миң 176 сом турган 462 кутуга салынган тооктун жумурткасын алдамчылык жолу менен ээлеп алган адамдар жөнүндө билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Бишкектеги тергөө абагында камакта жаткан А.А. аттуу жаран аныкталган. Аны менен Т.Т. аттуу жаран экөө алдын ала сүйлөшүп алышып, жабырлануучуну жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтөбүз деп ишендиришкен. Ошентип алар Сокулук районунан Ош шаарына жумуртка жеткирүүгө буюртма алышкан. Бирок жабырлануучу сатып алган тооктун жумурткаларын Базар-Коргон районуна алып барып сатып, түшкөн акчаны өздөрү алып алышкан.
Толук кандуу далилдердин негизинде А.А.га кылмыш жасагандыгы үчүн айып тагылган.
Учурда тергөө уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан