Балыкчы шаарында милициянын жаңы аймактык пункту ачылды

Балыкчы шаарында милициянын жаңы аймактык пункту ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчыда милициянын дагы бир аймактык пунктунун салтанаттуу ачылышы болду. Ага шаар мэри Арнабек уулу Азамат, шаардык милициянын жетекчилиги жана өздүк курамы, ошондой эле калаа тургундары катышты.

"Шаардын борборунда жайгашкан пункт жарандарга жардам көрсөтүүчү кызматтан сырткары, кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, элдерге сервистик тейлөө сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды координациялоочу борбор катары да кызмат кылат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан