Ысык-Көлдө "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз РИИБинин ыкчам кызматкерлерине райондун аймагында белгисиз жаран Жогорку сот тарабынан диний-экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" уюмунун идеясын таратып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал жаран Ак-Терек айылынын 51 жаштагы тургуну А.А. экендиги аныкталган. Анын үйүн тинтүү учурунда бир катар адабияттар, ноутбуктар жана принтерлер табылып алынган.


Соттук-теологиялык экспертиза алынган адабияттын мазмунунда "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун идеялары бар экенин аныктаган. Мындан тышкары, кармалган жаран тыюу салынган экстремисттик уюмдун чакырыктарын социалдык тармактар аркылуу таратканы да айгиленген", - деп айтылат маалыматта.

Ага шектүү катары айыбы угузулуп, райондук соттун чечими менен 2 айга тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек, эми анын күнөөсү далилденсе эки жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон, беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан