Бишкекте катуу шамалдын кеспеттери тазаланып, калыбына келтирилди 

Бишкекте катуу шамалдын кесепеттери жоюлду. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

Маалыматка караганда, Бишкекте түн ичинде жолдорду тазалоо, кулаган бактарды алуу, үзүлгөн электр зымдарын калыбына келтирүү боюнча алгылыктуу иштер аткарылган.

Ал эми коомдук транспорттор штаттык режимде иштеп жатышат. Каттамда 599 автобус, 122 троллейбус, кичи автобустук каттамдар да иштеп жатат.

Ошондой эле линиялардын үзүлүшү боюнча 8 учур катталып, калыбына келтирилди.

Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан 50дөн ашык көчө санитардык тазалоодон өткөрүлүп, катуу шамалдан улам пайда болгон 5ке жакын таштанды жайлары түнкүсүн тазаланган.

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түн ичинде 30дан ашык авариялык дарактарды жок кылышты", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-мартта Бишкекте ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Натыйжада Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан