Жылуулук берүү мезгилинин аякташына байланыштуу "Бишкекгаз" калкты тейлөө борбору беш күндүк иштөө режимине өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта "Бишкекгаз" борборунан билдиришти.
Маалымдалгандай, 30-марттан тарта калкты тейлөө борбору ишемби күндөрү иштебейт. Борбор жаңыланган графиги боюнча иш күндөрү: саат 8:00дөн 17:00гө чейин иштейт, түшкү тыныгуусуз.
Ага ылайык, тейлөө борбору Максим Горький, 22 дарегинде жайгашкан.