Таласта маркум Көлбаевдин адамдары акча опузалоого шектелип кармалды

Таласта маркум Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат Талас облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу фактысынын бетин ачкан. Анда Ж.А., К.Э. жана башка адамдар Т.Т.Т. аттуу жаранды коркутуп, акча талап кылышканы аныкталган.

Шектүүлөр анын үстүнөн Казакстан жараны 60 миң сом карызын өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылганын шылтоолоп, карыздын кечиктирилгени үчүн пайыз кошушуп, 250 миң сом опузалашкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун (Опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш кылмыш иши козголгон.

Атайын уюштурулган операцияда шектүү К.Э.Ж. талап кылынган сумманын 140 миң сомун алып жаткан учурда кармалган. Ошондой эле анын гаражын текшерүүдө күрөө катары мыйзамсыз алынган Т.Т.Т.га таандык BMW 530 үлгүсүндөгү унаа табылган.

Кармалган К.Э.Ж. жана Ж.А.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

29.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан