Жалал-Абад облусунун жергиликтүү тургундары ооз ачуу учурунда ууланып, 12 адам облустук ооруканага кайрылышкан. Анын ичинен 10 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, экөө ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ооруканасынан SUPER.KG порталына тастыкташты.
Белгилүү болгондой, окуя 24-мартта орун алган. Анда облустун ар кайсы райондорунан келген тургундар Сузак районундагы эс алуу борборлорунун биринен ооз ачууга чогулушкан. Ал жерде тамак-аш жана куурулган балык болгон. Ооруканага кайрылгандардын 10у амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, экөө ооруканага жаткырылып, эки күндөн кийин үйлөрүнө чыгарылган.
Бул окуяга байланыштуу оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору 26-марттан тарта аталган мекеменин ишин убактылуу токтотуп, ээсине 23 миң сом айып салынганы белгилүү болду.