Кечээ, 28-мартта Бишкек менен Чүйдө болгон катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган 24 адам ооруканаларга кайрылды. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыктады.
Маалыматка караганда, кайрылгандардын ичинен 4 жаран ооруканага жаткырылса, калгандары үйүндө дарыланууда.
"Кайрылгандар ар түрдүү жаракаттарды алган. 2 адамдын жамбаш сөөгү сынган", - деп билдиришти министрликтен.
Эске салсак, кечээ күнү Бишкек жана Чүй облусунун аймагында 28-мартта саат 16:15тен 16:45ке чейин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш зыянга учураган.