Эртең, 30-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12 даража,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10 градус болсо,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14кө чейин жетет.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,
Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11.
Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +4…+6, күндүз +8…+10 градус жылуу болору күтүлөт.