Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 31-мартта жана 1-апрелде Чүй жана Талас облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратты.
Ага ылайык, аталган датада түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1...-3°ка, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0...-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк жемиш дарактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш дарактарына коркунуч жаратат.