Пакистандан келери менен аэропорттон кармалган жаран Садыр Жапаровго кайрылды (видео)

Токтогулда 30 баш койду карызга алып, акчасын бербей жүргөн деген шек менен чет өлкөдөн келер замат аэропорттон кармалган Багышбек Базарбеков бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берди.

Ал коомчулукка туура эмес маалымат тарап кеткенин айтып, эч кимди алдайын деген ниети жок экенин белгиледи.

"Карыз алганым чын. Самидин аттуу байкеден 30 кой алгам. Бирок дааватка кетерде, белгиленген убактысы келгенде карызды берип коюуну иниме тапшырып кеткем. Анан ал убагынан кичине кечиктирип коюптур. Ал арада койдун ээси арыз жазып койгон экен, ал сотко өтүп кетиптир. Мен чет өлкөдөн келгиче эле акча берилип, карыз төлөнгөн. Ал байке кайра тосмо арыз жазып бериптир.

Мен Пакистандан учуп келгенде аэропорттон кармап кетишти. Эртеси сот болуп, мурда жазылган тосмо арыздын негизинде кайра бошотулдум. Ортодо бир аз түшүнбөстүк болуп калды. Эгерде кандайдыр бир кемчилик кеткен болсо, ал менин кемчилигим. Дааватта айып жок. Ошону туура түшүнөсүздөр деп үмүт кылам", - деди ал.

Ошондой эле Базарбеков Өзбекстандын жарандарына ири суммага бааланган көп сандаган мал сатышканын, бирок бир жарым жылдан бери акчасын ала албай жаткандыгын айтты.

"Өзбекстандын жарандары менен мал алып, сатып иштешип жүргөнбүз. Буга чейин эки жолу алышкан, үчүнчү жолу 1,5 жыл мурун малыбызды алган боюнча акчабызды бербей жүрөт. 195 миң доллар алышыбыз керек болчу. Биз дагы малды элден алып бергенбиз. Мал коңшу өлкөгө мыйзамдуу киргизилген. Тиешелүү органдарга арыз жазганбыз, эч майнап чыккан жок. Урматтуу Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, ушул маселени көзөмөлгө алып, жардам берүүңүздөрдү өтүнөм", - деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ Жалал-Абад облустук милициясы Токтогулда 30 баш койду карызга алып, акчасын бербей жүргөн жаран 27-мартта чет мамлекеттен учуп келгенде Бишкектеги аба майдандан кармалганын билдирген.

Ал былтыр 5-октябрда таанышынан ар бирин 13 500 сомдон баалап, акчасын 25-декабрга чейин берем деп 30 кой алган. Бирок убадалаган убакта акчасын берген эмес. Мындан улам койдун ээси милицияга арыз жазган.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан