Эсептөө палатасынын инспектору акча талап кылууга шектелип кармалды

Эсептөө палатасынын инспектору Бишкек шаарындагы мектептердин жана бала бакчалардын директорлорунан акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, инмпектор М.Ф.К. Октябрь райондук билим берүү башкармалыгын текшерүү учурунда актыда одоно финансылык мыйзам бузууларды жана 22 билим берүү мекемесинде (19 мектеп жана 3 балдар чыгармачылык борбору) 2022-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзбөгөндүгүн көрсөтүп, башкармалыктын жетекчилигинен опузалап акча талап кылган.

Мындан улам райондук билим берүүнүн жетекчилиги инспектордун талаптарын аткаруу үчүн аталган райондогу ар бир билим берүү мекемесинен 25 миң сомдон чогулткан.

"Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору өзүнүн мыйзамсыз аракеттери аркылуу билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ар кандай жолдор, шылтоолор менен ата-энелерден акча чогултуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлаган", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү М.Ф.К. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Опузалап пара алуу) негизинде кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. УКМК Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар уланып жатканын кошумчалады.

29.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан