Баткенде күзөт кызматында иштеген Гүлжан: "Форманын артында тоодой жоопкерчилик, намыс бар" (маек)

Гүлжан айым учурда 28 жашта. Ал мугалимдик кесипке ээ болбостон, бир нече жыл медиа тармагында иштеген журналист. Муну менен гана чектелбестен, учурда ИИМдин академиясында билим алып, келечекте тергөөчү болууну максат кылууда. Азыркы тапта Баткен жергесиндеги Көк-Таш аймактык милиция бөлүмүндө иштеп жаткан каарманыбыз менен байланышып, өзү, үй-бүлөсү, жумушу жана алдыдагы пландары жөнүндө маек курдук.

- Cаламатсызбы, Гүлжан айым! Алгач өзүңүз, үй-бүлөңүз жөнүндө айтып өтсөңүз...

- Саламатсызбы, менин атым Урмат кызы Гүлжан. Мен 1996-жылы 21-июлда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Биринчи май айылында туулгам. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсүмүн. Ата-энем мурда Орусиянын Красноярский крайында эмгектенгендиги үчүн мен 1-класстан 10-класска чейин ошол жакта окугам. 11-классты өз каалоом менен Кыргызстанга келип айылдан аяктадым. Ал эми ата-энем тууралуу айта турган болсом, атам 1-май айылында А.Юсупов орто мектебинде мугалим болуп иштейт, апам үй кожойкеси. Биздин үй-бүлөдө чоң атам, эжелерим, абаларым, туугандарымдын 80 пайызы мугалимдик кесипти аркалашат. Шартка байланыштуу бир туугандарымдын арасынан менден башкасы жогорку билимге ээ боло алышкан жок. Ошондуктан алар мага ишенип мени окутушканы үчүн аларга ыраазымын жана алардын мага болгон ишеничин акташым керек.

- Жогорку билимди кайсы окуу жайдан алдыңыз? Негизи кесибиңиз боюнча мугалимсизби?

- 2017-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин орус филология факультетин аяктагам. Университетте окуп жүргөн учурда тагыраагы, 2014-жылдан баштап ЭлТР МТРКда “жаңылыктар” бөлүмүндө иштеп калдым. Ал жактан жаңы нерселерди үйрөндүм. Көптөгөн адамдардан үлгү алдым, алардын кеңештери менен ийгиликтерге жетиштим. 2021-жылга чейин медиа тармагында эмгектендим. Учурда ИИМдин академиясында билим алуудамын. Ошондой эле Баткен РИИБдин Көк-Таш аймактык милиция бөлүмүнүн кайгуул күзөт кызматында иштеп жатам.

- Милиция кызматкери болуп иштөө жагып жатабы? Бул кесиптин күнгөйү менен тескейи тууралуу айтып өтсөңүз?

- Мен бул тармакта иштеп баштаганыма эми 1 жыл болду, ошондуктан кемчиликтерди айта турган деңгээлге жете элекмин. Ал эми артыкчылыктары көп. Мисалы, ар кандай адамдар менен баарлашасың, аларга кичине болсо да жардамың тийгенге кубанып каласың. Бул тармакта жүрүп тартипке көндүм. Эрте туруп, убакытты туура бөлүштүрүп калат экенсиң. Ачыгын айтсам, форманын кырын чыгарып үтүктөө эле өзүнчө бир чоң илим. Негизи форма кийгендин өзү артыкчылык эмеспи, бирок ошого жараша жоопкерчилик дагы өтө чоң.

-1 жыл ичинде кыйналган учурланыңыз болдубу? Бул учурда сизге эмне мотивация берет?

- Такыр башка тармак болгондуктан, бул жакта кийимиңден баштап жүрүм-турумуңа чейин көзөмөлдөп турушуң керек. Бир туура эмес кадам жалпы укук коргоо кызматкерлердин беделине сөз тийгизет, ошондуктан башында кыйнчылыктар көп эле болот экен. Кайсы жерде туура эмес сүйлөп алдым же кайсыл жерде жол эрежесин бузуп алдым деп ар кадамды ойлой берет экенсиң. Бирок кандай кыйынчылыктар болбосун, апам айткан сөзүн эстейм. Ал мага: “Кызым, төрт бир туугандын ичинен сени жогорку билимдүү кылдык, ошого татыктуу жүр. Форма кийип, нан таап жеп атасың, форманы тыкан жана таза алып жүр”,- деп көп эскертет. Ошол сөздөрү мага чоң мотивация берет.

- Жумуш учурунда кабылган кызыктуу окуяларыңызды айтып өтсөңүз? Жумушуңуздагы кайсы күндү унута албайсыз?

- Чынын айтсам, кызыктуу учурларга деле кабыла элекмин. Балким кызыктуу окуялар али алдыда. Бирок кандай гана учурлар болбосун жакшылык эле боло экен. Себеби терс пикирлерди жүрөгүмө жакын кабыл алам.

- Бул кесипти аркалоо баарынын эле колунан келе бербейт эмеспи. Сын-пикирлерге кабылган учуруңуз болобу?

- Азыркы кызматыма тиешелүү сын-пикирлерди уга элекмин. Бирок укук коргоо органында иштеп жаткандыгым үчүн көп терс пикирлерди угам. "Бул кыз баланын иши эмес, кыз башың менен түн жарымында көчөдө жүрөсүң, сага бул тармакта иштеген жарашпайт экен, кечке эркектердин арасында жүрөсүң” дегендей пикирлер социалдык тармактагы баракчаларыма көп келет. Кээде көчөдөн элдин жакшы пикирлерин укканда, бул терс пикирлерди унутуп коём. Негизи сын-пикирлер туура багытта айтылса жакшы кабыл алып, ошону оңдоп кетүүгө аракет кылам. Ал эми туура эмес айтылса , жөн гана “игнор” кылам.

- Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?

-Ушул жумушка келгенден бери уйкуга тойбойм, ошондуктан бош убактым болсо эле уктап алайын деп жата калам. Бирок кайдан уктап калмак элең, түн жарымга чейин телефон карап жатасың (күлүп). Ар дайым бир нерсе менен алектенем деп айта албайм. Дем алыш күндөрү жетекчимден уруксат алып, Ошко ата-энеме барып сагынычымды таркатып келем. Бирок бул жумушта көп деле бош убакыт боло бербейт.

- Ушул кесипти тандоо алдында турган кыздарга кандай кеңештерди бересиз?

- Мен бул ишке киргенден бери мага социалдык тармактардан же көчөдөн эле окуучу кыздар форма кийип иштегиси келерин айтышып, кайсыл окуу жайга тапшырса болорун сурап калышат. Бирок мен дайыма бир эле формага кызыкпагыла деп көп айтам. Себеби мунун артында тоодой жоопкерчилик, милдет, намыс бар. Ошондуктан кеңешим кооздукка эмес, анын ичинде камтылган нерселерге маани бериш керек. Анан ушул кесипти тандагыла демекчимин.

- Алдыдагы максаттарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз...

- Алдыда ИИМдин академиясын аяктап, тергөөчү болоюн деген максатым бар. Бирок кыз-бала алдын ала бир нерсени пландай албайт экенбиз. Анткени үй-бүлө курабыз дегендей. Мага кандай адам туш келе турганын билбейм. Менин максатым ишке ашабы же жокпу, ошол адамга көз каранды болот.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан