Эки нөөмөттө иштейт. Чүйдө 3 сааттык бала бакча ачылды

Чүй облусунун Москва районундагы “Спартак» жалпы орто билим берүү мектебинин базасында өлкө боюнча ачуу пландаштырылган 560 кыска мөөнөттүү (3 сааттык) бала бакчанын биринчиси салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты.

Билдирмеге ылайык, ачылыш аземи кечээ, 28-мартта оруп алып, ага райондун акими, райондук билим берүү бөлүмүнүн, айыл өкмөтүнүн адистери жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Бакча эртең менен же түштөн кийин эки нөөмөттө келе турган 50 бала менен иштөөгө ылайыкталган. Бала бакча үчүн зарыл шарттар Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында түзүлдү.

Долбоор боюнча имараттарды оңдоого, терезелерди жана эшиктерди алмаштырууга, санитардык-гигиеналык шарттарды түзүүгө, ошондой эле балдар үчүн оюнчуктарды, эмеректерди жана өнүктүрүүчү куралдарды сатып алууга каражаттар каралган.

Жалпысынан Москва районунда мындай 16 бала бакча иштейт. Калган мекемелердин ачылышы апрель айына белгиленген.

“Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Бул 3 жаштан 6 жашка чейинки 40 миңге жакын баланы мектепке чейинки билим берүү менен камтууга мүмкүндүк берет.

Кыска мөөнөттүү бала бакча 3 сааттык программаны сунуштайт, мамлекеттик стандарттарга ылайык балдарды өнүктүрүүгө көңүл бурат. Болгону уктоо жана тамак берүү каралган эмес.

Мындай формат экономикалык жактан үнөмдүү жана эки нөөмөттө мектепке чейинки өнүктүрүү программалары менен камтылган сабактарды уюштуруунун эсебинен балдардын санын эки эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан