"Унаанын үстү жок". Токмокто үрөй учурган жол кырсыгы катталды (видео)

Бүгүн, 29-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда болгон жол кырсыгында каза болгондор бар экенин SUPER.KG порталына Чүй ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үрөй учурган кырсык болжол менен саат 13:10 чамаларында айланма жолдун 54,800 чакырымында катталган. Анда Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаасы күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жатып, жолдун оң жагында токтоп турган оор жүк ташуучу DAF XF105.460 үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу жана бир жүргүнчү көз жумган.

"Азыркы учурда жол кырсыгы болгон жерде Ысык-Ата РИИБ жана ЖКККБнын кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп маалымдашты.

Буга чейин социалдык тармактарда Токмок шаарына жакын жердеги айланма жолдо 2 унаа сүзүшкөнү тартылган видео тараган болчу.

29.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан