Чүйдө 1999-жылы туулган Ибрагим Сулайманов дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка караганда, анын жакындары 16-мартта милицияга кайрылган. Алар Ибрагим 21-мартта саат 7:30 чамасында Беловодское айылынын Киров көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин айтышкан.
Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, көзү, чачы кара.
Кийген кийимдери: көк түстөгү баш кийим, спорттук күрмө жана көк түстөгү спорттук шым, бутунда ак кроссовка.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 03131 5 21 31, 0312 60 77 27 же 102 номурларына чалсаңыздар болот.