"Орусиядагы терактка байланыштуу". Париж Олимпиадасынын ачылыш аземи болбой калышы мүмкүн

Франциянын Ички коопсуздук башкы башкармалыгы террордук чабуулдардын болушунан тынчсызданууда. Буга байланыштуу Париж Олимпиадасынын ачылыш аземи болбой калышы мүмкүн. Бул тууралуу Europe 1 басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, Москвадагы "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттан кийин Францияда террордук коркунуч жогору.

"Террорчулукка каршы кызмат Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде кол салуу болушунуна коркот. Ошондуктан салтанатты жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат",- деп жазылат маалыматта.

Париждеги Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Иш-чаранын коопсуздугу үчүн 20 миңге жакын укук коргоо кызматкерлери иш алып барат. Аталган иш-чарага кыргызстандык спортчулар да катышат.

Эске салсак, Crocus City Hall имаратындагы теракттан кийин Францияда террордук коркунучтун эң жогорку деңгээли киргизилген. Теракттын кесепетинен 140тан ашуун адам каза болуп, 360 адам жарадар болсо, дагы 143ү дайынсыз жоголгондордун тизмесинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан