Аксынын тургуну теңтушун капыстан атып өлтүрүп алды. Окуянын чоо-жайы

Аксыда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-мартта саат 22:00 чамасында 51 жаштагы эркек киши денесине тийген октон жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө келип түшүп, өзүнө келбей каза болгон.

Бул окуя боюнча Таш-Көмүр ШИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүп, далил буюм катары “ИЖ-16” үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу курал, 1 даана октолгон гильза, 2 даана атылган гильза табылып алынган.

Окуя орун алган Разан-Сай айылы Аксы районуна карагандыгына байланыштуу материал Аксы РИИБине өткөрүлүп берилген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Аксы районунун тургуну 1973-жылы туулган Н.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал тергөөдө көрсөтмө берип, каза болгон жаран менен спирт ичимдигин ичип отурган учурда, каза болгон жаран үйдө турган мылтыкты алып асманга атып, андан соң дагы октоп, аны көздөй мээлеген убакта жетип барып, колундагы мылтыкты талашып жатып, атып жибергенин айткан.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан