Бишкекте 11-16-апрель күндөрү “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдешке Кыргызстандын улуттук курама командалары дагы катышат.
Эркин күрөш боюнча команданын тизмеси:
-57 килограмм Алмаз Сманбеков;
- 61 килограмм Тайырбек Жумашбек уулу;
- 65 килограмм Улукбек Жолдошбеков;
- 70 килограмм Алибек Осмонов;
- 74 килограмм Канат Керимбеков;
- 79 килограмм Адилет Маратбаев;
- 86 килограмм Атай Изабеков;
- 92 килограмм Нуртилек Карыпбаев;
- 97 килограмм Андрей Аронов;
- 125 килограмм Айаал Лазарев;
- Руслан Маджинов – башкы машыктыруучу;
- Сүймөнкул Таабалды уулу – улук машыктыруучу;
- Ислам Тазабек – улук машыктыруучу (U-23).
Грек-рим күрөшү боюнча команданын тизмеси:
- 55 килограмм Улан Муратбек уулу;
- 60 килограмм Жоламан Шаршенбеков;
- 63 килограмм Дастан Кадыров;
- 67 килограмм Раззак Бейшекеев;
- 72 килограмм Адылхан Нурланбеков;
- 77 килограмм Акжол Махмудов;
- 82 килограмм Бекзат Орункул уулу;
- 87 килограмм Атабек Азисбеков;
- 97 килограмм Бексултан Махмудов;
- 130 килограмм: Эрлан Манатбеков;
- Азат Эркимбаев –башкы машыктыруучу;
- Улукбек Карачолоков – улук машыктыруучу;
- Арсен Эралиев – улук машыктыручу.
Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча команданын тизмеси:
- 53 килограмм Айжан Сабырбек кызы;
- 55 килограмм Арууке Таштанбекова ;
- 57 килограмм Сезим Жуманазарова;
- 59 килограмм Таңчолпон Кыбалбекова;
- 62 килограмм Айсулуу Тыныбекова;
- 65 килограмм Дилназ Сазанова
- 68 килограмм Гүлнура Таштанбекова;
- 72 килограмм Нурзат Нуртаева;
- 76 килограмм Айпери Медет кызы;
- Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу;
- Байгазы Кенжебеков улук машыктыруучу.