25-28-март аралыгында Бишкектин айланасында таштандыларды өрттөө боюнча 4 факты аныкталды. Эң көп учурлар Биринчи Май районунда аныкталган.
Мэриянын билдирмесине ылайык, инспекторлор тарабынан аларга тиешелүү чаралар көрүлгөн. Алсак:
Ж.Гвардия бульварында жеке ишкер тарабынан таштанды өрттөлгөн. Салынган айыптын суммасы 23 000 сомду түздү;
Шаар тургуну Дэн Сяопин проспектисинин 409 дарегинде куураган чөптү өрттөгөнү үчүн 7500 сом айып пул салынган;
Ушундай эле мыйзам бузуу Биринчи май районунун Профсоюзная/Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде катталып, 7500 сом айып салынган;
Андижанская, 111 дарегинде тургун үйүнүн аймагында таштанды өрттөгөнү аныкталган. Ага да 7 500 сом өлчөмүндө айып салынды.
Эскерте кетсек, таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо жана өрттөө үчүн мыйзам бузуучулар Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылышат. Ага ылайык, жеке жактар үчүн 7 500 сом, юридикалык жактар үчүн 23 000 сом айып салынат.