Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Мунай өндүрүүчү мамлекеттердин” ХХ Дүйнө Кубогу аталышындагы эл аралык турниринде 4 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Билдирмеге ылайык, мелдеш Орусиянын Нижневартовск шаарында өттү. Дүйнө Кубогу 25-мартта башталып, кечээ, 29-мартта жыйынтыкталды.
Анда Бекзат Эргешов (51 килограмм) күмүш медалга ээ болсо, Рысбек Бектенов (60 килограмм), Султан Асанкул уулу (75 килограмм) жана Ооматбек Элчоро уулу (92 килограмм) 3-орунду ээлешти.
Курама команда машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.