Бишкекте дыйкандар жана ишкерлер үчүн форум өтөт 

Бишкекте 2-апрелде “Туруктуу агроөнөр жай секторун түзүү” аталышындагы форум өтөт. Иш-чарага республиканын бардык облустарынан дыйкандар, ишкерлер, кайра иштетүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр катышат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, форум айыл чарбасындагы алдыңкы ишкерлердин тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн ири аянтча болот.

"Иш-чарада айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн келечеги, агроазык-түлүк секторундагы мамлекеттик чыгымдардын тенденциялары, азык-түлүк коопсуздугу жана инфляция жөнүндө изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары, технологиялар, инновациялар жана инвестициялар аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу айыл чарбасын түзүү боюнча тематикалык сессиялар өтөт" дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан