Эне тилге эки мүнөт рубрикабызда туруктуу сөз айкаштарын чечмелөөнү улантабыз. Кезектеги чыгарылышта чай кайнам, эт бышым, бээ саам жана көз ачып жумганча фразеологизмдеринин маанилерине токтолобуз.
Чай кайнам - Анчалык көп эмес, узак эмес убакыт. Мисалы, Чай кайнам убакыт өткөндөн кийин гана жөө адам экени даана көрүндү.
Эт бышым - Эт бышканчалык, болжол менен алганда эки саатчалык убакыт. Мисалы, Каалашса акындар чай кайнам, эт бышым жамактатып ташташат
Бээ саам - Болжол менен бир жарым саатча убакыт дегенди билдирүү үчүн колдонулат. Мисалы, Көп чарчабай утуру бээ саам башты сеп алдыруу абзел.
Көз ачып-жумганча - Бир заматта, бир паста, арыдан-бери, өтө тез, дароо деген мааниде колдонулат. Мисалы, Суроолуу ой, көз ачып-жумганча бардыгынын көңүлүндө кайталанды.