24-марттан 29-мартка чейин Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстанстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28,37 чакырымын макулдашты.
Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды аныктоо боюнча ишти улантышат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.