Бишкектин мэри асфальт-бетон заводун орнотууга даярдыктарды текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 12-кичи районунда жайгашкан «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомуна жакын жердеги карьердин аймагына асфальт-бетон заводун орнотуу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматты муниципалитеттен билдиришти.

Белгилей кетсек, бул завод майда таш-мастикалык асфальт-бетонду да чыгарат. Бул жаңы технология асфальт төшөөнүн иштөөсүн бир топ жакшыртары айтылат.

Борбордо жолдорду реконструкциялоо жана куруу боюнча ири долбоорлор пландалууда. Административдик-аймактык реформанын алкагында муниципалитет кошулган аймактардын жолдорун дагы карашы керек.

"Буга байланыштуу жаңы асфальт заводунун пайда болушу асфальт аралашмасын чыгаруунун ылдамдыгын жана сапатын бир топ жакшыртат.

Ошондой эле «Бишкекасфальтсервис» ишканасы тарабынан «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомуна жакын аймакка бир курулуш (асфальт-бетон заводу) көчүрүлүп жатат. Ошентип ал жерде эки асфальт-бетон заводу иштейт" деп айтылат маалыматта.

Жаңы асфальт заводунун өндүрүмдүүлүгү саатына 180-220 тонна болсо, эскиси 80-120 тоннаны түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан