Кыргыздын Кытайдагы элчиси «Борбор Азия-Кытай» катчылыгынын ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 30-мартта Кытайдын Сиань шаарында Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы элчиси Актилек Мусаева «Борбор Азия-Кытай» катчылыгынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге ылайык, иш–чарага Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сунь Вэйдун, Шэньси провинциясынын Кытай Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Чжао Идэ, «Борбор Азия-Кытай» катчылыгынын аткаруучу директору У Инцинь, ошондой эле Кытайдагы Борбор Азиянын дипломатиялык миссияларынын башчылары, КЭР жана Борбор Азия мамлекеттеринин башка расмий ɵкүлдɵрү катышышты.

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин куттуктоо катын окуп берди.

Элчи Мусаева Катчылык Борбор Азия менен Кытайдын мамилесин мындан ары бекемдөөгө маанилүү жана олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан