Кыргызстан менен Орусиянын энергетика министрлери меморандумга кол коюшту 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Орусиянын энергетика министри Николай Шульгинов “Чалдовар” жылуулук элекстр станциясынын курулуш долбоору боюнча кызматташуу, өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымат таратты.

️Маалым болгондой, документ «Чалдовар» жылуулук электр станциясынын курулуш долбоорун ишке ашыруунун алкагында кыргыз-орус ыйгарым укуктуу уюмдарынын кызматташуусуна багытталган.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагында генерациялоочу кубаттуулуктарды модернизациялоо жана куруу жаатында башка келечектүү долбоорлорду иштеп чыгууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан