Бишкек шаарынын бир жылдык бюджети бекитилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 29-мартта Бишкек шаарынын 2024-жылга консолидацияланган бюджетин бекитти. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Маалыматка таянсак, шаардын бюджети киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 32 590,5 миллион сомду түзөт.

"Анын ичинен административдик-аймактык реформага ылайык кошулган айыл аймактарынын бюджети 868,1 миллион сом жана республикалык бюджеттен трансферттер 6973 миллион сом автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын жана ага кошулган айыл аймактарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы фондусунун чыгымдарын жабууга жумшалат" деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы жарлыгына, жана министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы токтомуна ылайык №52 административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө пилоттук мезгил аяктаганга чейин бюджетти бекитүү ыйгарым укуктары шаар мэрлерине берилген.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 13-15-мартында Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоору боюнча коомдук талкуулар өткөн.

Ага мэрдин орун басарлары, райондук администрациялардын башчылары, муниципалитеттин аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле шаардык кеңештин депутаттары жана кошулган айыл аймактарынын жарандары катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан