Көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпиондугу башталды

Кечээ, 30-мартта көркөм гимнастика боюнча жаштар жана чоңдор арасында Кыргыз Республикасынын чемпиондугу старт алды. Бул маалыматты Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Ага ылайык, мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Улуттук антидопинг дирекциясынын директорунун орун басары Айнагүл Рыскулова, "Ынтымак" Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Рустам Ниязалиев, өлкөнүн көркөм гимнастика боюнча федерациянын өкүлдөрү катышты.

Чемпиондукка 62 спортчу катышууда. Мелдештер 31-март күнү жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан