"Ала-Арчага" барышат. Бишкектеги темир жол бекетине кезектеги туристтик поезд келди (сүрөт)

Бүгүн, 31-мартта Бишкек шаарына Австралия, Англия, Швейцария, Австрия жана Германиядан келген туристтер менен быйылкы жылдын биринчи туристтик поезди келди. Бул жөнүндө "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын маалыматында айтылат.
Билдирмеге таянсак, туристтер бүгүн "Ала-Арча" жаратылыш паркына барууну жана Бишкек шаарын кыдырууну пландап жатышат. Жалпысынан 50дөн ашык турист келген.
"Буга чейин Lernidee Erlebnisreisen GmbH туристтик компаниясынын өкүлдөрү «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына темир жол аркылуу өлкө ичинде саякаттоо үчүн Кыргызстанга туристтик турга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. «Кыргыз темир жолу» ишканасы коноктордун каалоосун эске алуу менен темир жол транспорту менен коопсуз жүрүүнү уюштурууга көмөк көрсөттү" дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, поезд 9 вагондон турат. Туристтик поезд каттамы - Алматы-Балыкчы-Бишкек-Түркмөнстан, Ташкент-Түркмөнстан-Бишкек-Балыкчы-Алматы.
Эске салсак, өлкөгө туристтик поезд 2022-2023-жылдары да келген.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан