ЭЛДИК КАБАР: "Шылуундар WhatsApp’гы номерим аркылуу жакындарыман акча котортуп алышкан"

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган окурманыбыз шылуундар анын WhatsApp’гы номери аркылуу жакындарынан акча котортуп алганын айтты.

"Бир жыл мурун WhatsApp номеримди жоготуп жибергем. Бирок WhatsApp’ты ошол номер калып, колдонуп жүргөм. Жаңы номериме байлаган эмесмин. Анан менин вотсабыма кирип, менин атымдан туугандарыма, тааныштарыма жазып акча сураган экен.

Көпчүлүгүнө "ооруканадамын, акча которуп тургула кайтарып берем" деп убада бериптир. Баарынан эле 15 миң сомдон сурай бериптир. Апам улам которуп атып 115 миң сом, 3-4 жакыныбыз 15 миңден, дагы бир таанышымдан 5 миң сом котортуп алып дайынсыз болуп кетиптир. Жабырлануучулар январь айында милицияга арыз жазышкан, бирок жыйынтык жок", - деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан