Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 1-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына кооптуу.
Ошондой эле 1-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлгөн акмактардын тизмеси:
Ага ылайык, жолдор тайгак болуп муз тоңот. ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.