Бүгүн, 31-мартта энергетика министри Таалайбек Ибраев менен ТВЕА компаниясынын төрагасы Чжан Синдин жолугушуусу болуп өттү. Бул жөнүндө министрликтен маалымдашты.
Жыйында ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун ондоп-түзөө иштери тууралуу талкуу болду.
"Энергетика министри белгилегендей, жыйындын негизги өзөгү - ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгүнүн активдүү электр жана жылуулук энергиясын долбоордук деңгээлге чейин жогорулатуу маселесин талкуулоо болуп саналат. Ошондой эле жабдуулардын эскиргендигине байланыштуу иштеп жаткан №3 жана №4 блоктордо кезектеги жана капиталдык ондоп-түзөө жүргүзүү.
⠀
Жыйындын жыйынтыгында ТВЕА ишканасы өз адистерин ЖЭБ кызматкерлерин окутуу жана №3 жана №4 блокторго оңдоо иштерин жүргүзүүгө жиберүү чечими кабыл алынды" деп айтылат маалыматта.
⠀
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү №3 жана №4 блокторунда болушту.