Эмгек министрлиги жана Биринчи айымдын фонду муктаждарга кийим-кече тапшырды  

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Биринчи айым жетектеген "Эне - балага тирек" коомдук фондунун колдоосу менен Ак-Суу районунун 1100дөн ашык баласына кийим-кече жана бут кийим тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ага ылайык, жардам алуучулардын тизмесине тоголок жетим балдар жана муктаждыгы боюнча жөлөк пул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары киришти.

"Буга чейин да мындай жардамды министрликтин 17 социалдык стационардык мекемелерине берилген. Аларда 2,3 миңден ашык улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, чоңдор жана психоневрологиялык оорулары бар балдар жашайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан