Кыргыз куткаруучулары Казакстанга жардам берүүгө даярдыгын билдиришти

Казакстандын Актөбе облусунда дамбадагы суу ташкындап, айылдарды суу каптагандыгына байланыштуу Кыргыз куткаруучулары жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кесепеттерди жоюуга өз күчтөрү менен жетишерин билдиришти.

Учурда аймактарда акырындык менен абал турукташууда. Эгерде абал оорлошо турган болсо, жардам суроого кайрылабыз”, - деп кыргыз куткаруучуларына ыраазычылык айтышты.

Белгилей кетсек, 29-мартта Казакстан ӨКМне караштуу ККББсынын расмий маалыматында өлкө аймагында күн жылып, жамгыр жаап, кар эрип, дарыялардагы суу көтөрүлүп, айыл-кыштактарын суу каптаган. Кеминде 7 облусу табияттын кырдаалына кабылган.

Анын кесепетинен 1277 үйдү, дачадагы 99 үй, 10 имарат, унаа жолдорун, көпүрөлөрдү суу каптаган. 30 унаа жолу жабылып, элдин каттамы токтосо, 285 баш ар кандай мал-жандыгы өлгөн.

Учуруда Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 11306 адам эвакуацияланып, анын ичинен 5456 адам убактылуу жашоочу жайларга жайгаштырылган. Өзгөчө кырдаалга кабылган аймактардан жарандарды эвакуациялоо, кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан