30-мартта Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында борбор калаанын бардык райондорунда жалпы ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ага жалпы 507 мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана чарбалык субъекттердин кызматкерлери катышты.
Ага ылайык, ар кандай түрдөгү 615 бак-дарак отургузулду. 61 атайын техника тартылып, 270 тонна таштанды чыгарылды.
Тазалоонун жыйынтыгы боюнча:
- Ленин району: Жалпы шаардык ишембиликке 5190 адам катышып, 330 түп бак-дарак отургузулду, 17 даана атайын техникалар тартылды.
- Октябрь району: шаарды жашылдандырууга 2825 жаран катышып, 130 түп бак-дарак отургузулду, 19 даана атайын техникалар тартылды.
- Биринчи май району: Жалпы шаардык ишембиликке 3709 адам активдүү катышып, 80 түп көчөт отургузулду, 17 даана атайын техникалар тартылды.
- Свердлов району: 3375 адам катышып, 75 бак-дарак отургузулду, 8 бирдик атайын техника колдонулду.
Белгилей кетсек, ишембиликке 15 миңден ашык жаран катышты.