Бишкектин айрым аймактарында 2-апрелде саат 9:00дөн 19:00гө чейин ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.
Ага ылайык, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полис Таун конуштарында, Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрүндө жана темир жол линиясында таза суу убактылуу токтотулат.
Жергиликтүү суу кампадагы оңдоо иштеринен улам өчүрүлүп жаткандыгы кошумчаланды.